Тест тапшыруу эрежелери
Тестке даярдануу
- MedTest колдонуу боюнча видео сабакты көрүңүз 🎥
Системаны тез түшүнүп, тест тапшыруу маалында кыйынчылыктардан сактанасыз. - Тестирлөө medtest.med.kg платформасында(сайтында) өтөт🌐.
- VPN’ди өчүрүңүз 🚫
Эгерде VPN иштеп жатса, аны өчүрүңүз — болбосо сайтка кирүүдө көйгөй болушу мүмкүн. - Сырсөздү калыбына келтирүү 🔑
Эгер сырсөздү унутуп калсаңыз, башкы беттеги “Сырсөздү калыбына келтирүү” баскычын басыңыз.
Сынак тестирлөө
- Качан жеткиликтүү?
Сынак тест бир жолу, негизги тесттин алдындагы күнү, саат 09:00дөн 19:00гө чейин өтөт. - Шарттары
• Убакыт: 60 мүнөт
• Суроолордун саны: 50
• Мүмкүнчүлүк: 1 жолу - Максаты
Пробный тест аттестацияга таасир этпейт. Камера иштеп жатканын текшерүү жана сайттын интерфейси менен таанышуу үчүн керек.
Негизги тестирлөө
- Качан жеткиликтүү?
Тестирлөө саат 09:00дөн 19:00гө чейин жеткиликтүү болот. Бир жолу тапшыра аласыз. - Убактысы жана суроолордун саны
• Убакыт: 120 мүнөт
• Суроолор: 100 суроо
• Тематика: сиздин адистигиңиз боюнча суроолор. - Тестке даярдануу
• Интернет туруктуу экенин текшериңиз 📶
• Аппарат толук заряддалган же токко туташкан болушу керек 🔋
• AnyDesk, TeamViewer сыяктуу алыстан башкаруу программаларын колдонбоңуз 🚫
• Android аппарат, ноутбук же планшет колдонуңуз. Айфондор иштебейт 📱
• Эгер Wi-Fi болсо, телефонду авиарежимге коюу сунушталат ✈ - Тест учурунда видео жана үн жаздыруу болот 🎥🎤.
Тест учурунда
- Туура шарт түзүңүз
• Жалгыз бөлмөдө болуңуз 🚪
• Бет ачык көрүнүшү керек (маска тагынбаңыз) 👀
• Бөлмөдө өзүңүз гана болуңуз 🚶♂️ - Тыюу салынган аракеттер
Тест учурунда тыюу салынат:
• Эки жакка карап отуруу 👀
• Телефон менен сүйлөшүү 📞
• Шпаргалка колдонуу 📚
• Экрандан чыгып кетүү ⏳ - Браузер менен иштөө
• Тест учурунда браузерден чыкпаңыз. Чыксаңыз, кайра кире албайсыз 🖥
• Тест бүткөндө “Бүтүрүү” баскычын басыңыз 🔴
Маанилүү маалымат
- Автоматтык баалоо
Система автоматтык түрдө балл койот, өзгөртүүгө болбойт 📊 - Аймактык чектөө
Платформа Кыргызстандын аймагында гана иштейт 🌍 - Кайсы убакытта тапшырууга болот?
19:00гө чейин тест баштасаңыз болот. 19:00дөн кийин тест “Белгиленген тесттер” бөлүмүнөн өчөт ⏰
Апелляция эрежелери
- 🖊 Апелляция берүү тартиби
• Тест учурунда экрандын оң үстүндө “Апелляция берүү” баскычын бассаңыз болот. Сураныч комиссияга автоматтык түрдө жөнөтүлөт. - 📅 Апелляцияны кароо процесси
• Комиссия кайрылууну карап чыгат жана чечим кабыл алат. Комиссиянын чечими жеке кабинетке чыгат. - 📝 Апелляцияга берүү себептери
• Тапшырманын туура эмес мазмуну.
• Тапшырманын туура эмес көрсөтүлүшү (белгилер, жооптор жок ж.б.)
• Баллга нааразы болуу — апелляциянын себеби болуп эсептелбейт. - ⚖ Чечим кабыл алуу
• Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
• Эгер добуштар тең чыкса, төраганын чечими негиз болуп калат. - ✅ Эгер апелляция канааттандырылса
• Тесттин жыйынтыгы өзгөртүлөт.
• Эгер тапшырма туура эмес болсо, сизге туура жооп катары эсептелет.
🚨 Көңүл буруңуз!
Эрежелер бузулса, тесттин жыйынтыгы жокко чыгарылат. Бардык аракеттер — анын ичинде чалуулар жана билдирүүлөр — көзөмөл органдары тарабынан көзөмөлдөнөт 🛑
🎯 Аттестациялык тестирлөөгө ийгиликтерди каалайбыз!